Нурдан Орунтаев үлүш ээлеринин бүтпөй калган үйлөрүн карап чыгат

Курулушу аягына чыкпай калган турак жайлар боюнча маселе министр Нурдан Орунтаев катышкан жолугушууда көтөрүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, ал «Раян Билдинг» компаниясынан батир алуу үчүн акча салган жарандар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жарандар компаниянын объектилеринин азыркы абалы тууралуу айтып, курулушу бүтө элек имараттарды мамлекеттин карамагына өткөрүп, иштерди мамлекеттик деңгээлде аягына чыгарууну өтүнүштү. Алардын тынчсыздануусуна Бишкек менен Чүй облусундагы бир нече долбоордун ар башка баскычта турушу себеп болгон.
Маалыматта Күйүков көчөсүндөгү 94 жана 96-үйлөрдүн жанындагы беш кабаттуу комплекстин каркасы гана тургузулганы айтылат. Көк-Жар конушундагы Көлбаев көчөсүнүн 32-дарегинде жайгашкан «Сан-Таш» комплексинин курулушу баштала элек. Ал эми Каркыра көчөсүндөгү 38-үйдө жайгашкан «Бай Мурас» объектиси нөлдүк цикл баскычында турат.
Жолугушуунун соңунда Орунтаев ар бир объекттин абалын тактап, курулушту бүтүрүүгө канча каражат жана мүмкүнчүлүк керек экенин эсептөө зарылдыгын белгилеген. Министрликтин адистерине тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилгени кабарланды.
Ошондой эле Орунтаев жакын арада аталган курулуш жайларын өзү кыдырып, алардын абалы менен таанышарын билдирген. Азырынча имараттарды мамлекетке өткөрүү же аларды бүтүрүү боюнча акыркы чечим айтылган жок. Министрликтин билдирүүсүндө үлүш ээлеринин укуктарын коргоо жана көйгөйлүү объектилерди бүтүрүү маселесин белгиленген тартипте кароо уланары көрсөтүлгөн.
Sursa ↗