Саидтаиб Саидмамудов Германияда депортациядан кутулуп, эркиндикке чыкты

Германия памир активисти Саидтаиб Саидмамудовду Тажикстанга мажбурлап кайтаруу чечимин жокко чыгарып, аны кармоочу жайдан бошотту. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, активист 18-ноябрда эркиндикке чыккан. Ал 20-ноябрда кыскача маегинде депортацияга тыюу салуу тууралуу чечим 17-ноябрда кабыл алынганын жана аны Хоф шаарындагы аймактык сот тастыктаганын айткан.
Германиянын Миграция жана качкындар боюнча федералдык мекемеси Саидмамудовду өлкөдөн чыгаруу боюнча мурдагы чечимин өзгөрткөн. Ошондой эле аны депортациялоо максатында мындан ары камакта кармоонун зарылдыгы жок деп тапкан. Бийлик активисттен Бавариядагы башпаанек издегендерди кабыл алуу борборлорунун бирине барып, жаңы жашаган жерин каттоону өтүнгөн. Маалыматта анын акыркы эки жылдагы турган жери белгисиз болгону айтылат.
Тажик оппозициясынын Европадагы өкүлдөрүнүн бири Фарход Одинаев «Озодиге» билдиргендей, депортацияга бөгөт коюу чечими Европанын адам укуктары боюнча конвенциясындагы милдеттенмелерге негизделген. Бул принцип боюнча, адамды мекенине кайтаруу конвенциянын талаптарына каршы келсе, аны өлкөдөн чыгарууга жол берилбейт.
Басылма колуна тийген документке ылайык, Германиянын бийлиги Саидмамудовду депортациялоо тууралуу алгачкы чечимди 2024-жылдын январында кабыл алган. Активист октябрда кармалып, Бавариянын Хоф шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ноябрдын башында Тажик оппозициясынын өкүлдөрү жана бир нече эл аралык укук коргоо уюму аны Тажикстанга жөнөтпөөгө чакырышкан. Алар мекенинде куугунтукка кабылып, түрмөгө түшүшү мүмкүн деп кооптонушкан.
Саидмамудов 2022-жылы Орусиядан Германияга көчүп келген. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, ал Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө Тажикстандын бийлигине каршы өткөн бир нече акцияга катышкан, анын ичинде Эмомали Рахмондун 2023-жылы Берлинге жасаган сапарынын алдында жана учурунда уюштурулган нааразылык билдирүүлөрүнө да барган.
Sursa ↗